<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
.      Hm                  Dm
 Турмуштун сырларынан, жагымдуу ырларынан,
.                       G           E7
 Демиңди сезем Сенин жашоонун ыргагынан.
.       Hm        F                    Dm
 Жайлоонун гүлдөрүнөн, түркүн куш үндөрүнөн,
.    Hm                   E          Am
 Көрөмүн келбетиңди булуттун түрмөгүнөн.

[V2]
 Сеземин мээримиңди бөбөктүн күлгөнүнөн,
 Жараттың адамзатты өзгөчө сүйгөнүңдөн.
 Энелик мээрим менен сылаган колдорунан,
 Өзүңдү «Теңир» деген эң таза ойлорунан.

[V3]
 Куткарып калыш үчүн көңүлүң бөлгөнүңө,
 Ырахмат Ыйса Теңир мен үчүн өлгөнүңө.
 Жашоомду жандандырып, ишеним бергениңе,
 Миң ирет ыраазымын Рухуңду бергениңе.</lyrics>
<title>Турмуштун сырларынан, жагымдуу</title>
<key>Bm</key>
</song>